Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

Көчмөндөр оюндары: 6 миңден ашуун күч кызматкери тартипти көзөмөлдөйт


Ысык-Көлдө бүгүн башталып жаткан II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 6 миңден ашуун тартип сакчысы коопсуздукка көз салууда. Жеринде жүргөн кабарчыбыз билдиргендей, Чолпон-Атада оюндардын ачылыш салтанаты өтө турган ат майданга келгендердин баары тыкыр текшерилип жатат.

Оюндарды чагылдырууга чет өлкөлүк маалымат каражаттарынын 406 өкүлү келген.

3-сентябрдан 8-сентябрга чейин өтчү Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты бүгүн кечки саат сегиз жарымда башталат.

Оюн алкагында дүйнөнүн 40 мамлекетинен келген спортчулар улуттук оюндардын 23 түрүнөн күч сынашат.

XS
SM
MD
LG