Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:17

Өзбекстанда кармалып турган жарандар боюнча сүйлөшүү токтоп турат


Үңкүр-Тоодогу телемунара
Үңкүр-Тоодогу телемунара

Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашкандай, сүйлөшүүлөр Ислам Каримовдун тажиясына байланыштуу убактылуу токтотулду.

2-сентбярь күнү тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал тууралуу маселени көтөргөн. Министр жыйындын катышуучуларына талаштуу жерде Өзбекстандын күч кызматкерлери мыйзамсыз жүргөнүн, Өзбекстан Кыргызстандын төрт жаранын кармап кеткенин маалымдаган. Абдылдаев ошондой эле өзбек тарапты чек арада чыр-чатактардын чыкпоосу үчүн жетишилген келишимдерди сактоого, кыргызстандык төрт жаранды токтоосуз бошотууга чакырган. Азырынча өзбек тараптан эч кандай жооп жок.

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети десантын калтырган. Ошондой эле ал жерде иштеп жаткан кыргызстандык төрт жумушчуну кармап кеткен. Кийинчерээк өзбек тарап 13-августта чек араны мыйзамсыз, куралчан басып өткөнү үчүн кармалган өзбекстандык милиция кызматкерин бошотууну, Орто-Токой суу сактагычынан кыргызстандык милиция постун алып салууну талап кылган. Кыргыз тарап ошол эле күнү кармалып турган өзбек милициясын айыппул салып бошоткон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG