Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:54

Токмокто канализацияны оңдоо учурунда бир киши каза тапты


Дагы экөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 3-сентябрда кабарлады. Маалыматка караганда, үчөө тең «Токмоксууканал» ишканасынын жумушчулары. Азырынча окуянын себеби белгисиз.

Июнь айында Нарында суу каналын акыр-чикирден тазалоо үчүн темир люкка кирген "Нарын суу канал" мекемесинин үч кызматкери биогазга ууланып каза болушкан, эки кызматкери ооруканага түшкөн эле.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG