Бүгүн, 4-сентябрда Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарындагы алгачкы байгелер таяк тартышуу (мас-рестлинг) мелдеши боюнча ойнотулууда. 3-сентябрда башталган таймаштар эркектер арасында жети салмакта, кыз-келиндер арасында беш салмакта өткөрүлүп, бүгүн жарым финалдык жана финалдык беттештер болуп жатат.
Кыз-келиндер арасында кыргызстандык спортчулар бир алтын, бир күмүш жана үч коло байге алышты. 85 килограммга чейинки салмактагылар арасында кыргызстандык Ольга Шайнурова алтын медаль тагынды. Ал финалда өзбекстандык Олеся Гурееваны жеңип алды. 85 килограммдан жогоркулар арасында Айчүрөк Эргашева алтын байге үчүн күч сынашууда орусиялык Татьяна Григорго утулуп, күмүш байгеге ээ болду. Коло медалдарды 55 килограммга чейинкилер арасында Дилбара Иманканова, Розалия Тилегенова, 85 килограммга чейинки салмакта Ирина Миронова тагынышты. Ушул учурда эркектер арасында жарым финалдык жана финалдык таймаштар өтүүдө.
Бул тууралуу журналист Сүйүн Токсобаев билдирди.
Көчмөндөр оюндарынын алкагында болуп жаткан таяк тартыш боюнча мелдештер 2016-жылдагы дүйнө чемпиондугу деген аталышка да ээ. (ECh)