Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Германиянын түндүк-чыгышында шайлоо өтүп жатат


Бул шайлоонун жыйынтыгы менен немис канцлери Ангела Меркелдин алдыдагы саясий тагдыры чечилиши ыктымал. Анткени Мекленбург-Передняя Померания аймагында өтүп жаткан шайлоодо антииммиграциялык “Германия үчүн альтернатива” партиясынын таасири күчтүү экени айтылууда. Ушундан улам алдын ала сурамжылоолор боюнча, аталган партия Меркел жетектеген Христиан-демократиялык партиясынан алгачкы жолу озуп чыгышы мүмкүн.

Мындан туура бир жыл мурун Меркел качкындар үчүн Германиянын чек арасын ачуу чечимин кабыл алган. Ошондон бери ал өзү да, партиясы да антииммигранттар тарабынан сынга алынып келет.

“Германия үчүн альтернатива” партиясы үч жыл мурда түзүлгөн. Өткөн жолу бул аймактагы шайлоодо Социал-демократиялык партия жеңишке жетишкен.

XS
SM
MD
LG