Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Көчмөндөр оюндары: Көк бөрү боюнча тайпалык мелдештер башталды


АКШ менен Красноярск шаарынын көкбөрүчүлөрүнүн беттеши
АКШ менен Красноярск шаарынын көкбөрүчүлөрүнүн беттеши

Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдеш Чолпон-Атадагы ат майданда жүрүүдө. Жалпысынан көк бөрүгө А жана Б топторуна бөлүнгөн сегиз команда катышат.

Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында, А тобуна АКШ, Кытай, Казакстан жана Орусиянын Красноярск шаарынан келген топтор кирди. Б тобунда Кыргызстан, Түркия, Башкырстан жана Ооганстандан келген көк бөрүчүлөр бар.

Бүгүн АКШ менен Красноярск шаарынын көкбөрүчүлөрү беттешип, Красноярскиден келген улакчылар америкалыктарды 17:7 эсебинде утуп алышты. "Америкалык улакчылар көк бөрүнү алгачкы жолу ойноп жатканын да эске алуу керек" деп маалымдайт оюндун уюштуруучулары. Маалыматка ылайык, АКШ командасынын курамы Вайоминг штатынын Жексон Хоул шаарынан келген ковбойлордон турат.

Ал эми экинчи оюн Казакстан менен Кытайдын ортосунда болуп, казактар кытайларды 15:1 эсебинде утту.

Башкырстан менен Ооганстандын командалардын беттешинде болсо, башкырстандык улакчылар 1:0 эсебинде утушка ээ болду. Эми Кыргызстан менен Түркиянын командалары беттешет.(ECh;ZKo)

XS
SM
MD
LG