Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Москва жана Вашингтон Сирия боюнча келишим түзүүгө жакындады


Сирия
Сирия

Москва жана Вашингтон Сирияда ок атышууну токтотуу келишимине жакындашканын билдиришүүдө. Орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков: “Биз макулдашуу түзүүгө жакындадык. Бирок дипломатия чеберчилиги аны аткарууга дагы убакытты талап кылат” - деп 4-сентябрда айтты. "Сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учурайт деп айтууга негиз жок" - деп кошумчалады дипломат. Министрдин орун басары мындай пикирин Чоң Жыйырманын Кытайдагы саммитине чогулган кабарчыларга билдирди.

Бүгүн эртең менен АКШ президенти Барак Обама Сириядагы зордук-зомбулукка чекит коюу келишимине жетишүү үчүн Орусия менен диалог негизги ролду ойноорун, бирок сйлөшүүлөр оңой болбосун белгилеген. “Орусиялыктар менен биз колдогон тараптардан тышкары тынчтык орнотуунун процесси боюнча олуттуу пикир келишпестиктер кала берүүдө... Азырынча алга жылуунун так жолу табылганын айтуу эрте, бирок айрым прогресске жетишүү мүмкүнчүлүгү бар, - деди Обама.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров бир нече жумадан бери “Ислам мамлекети” радикал тобу жана Сириядагы башка экстремисттерге каршы күрөшүүгө багытталган тараптардын кызматташуусун күчөтүүнү талкуулап келатышат. Болочок макулдашууга камоодогу шаарларга гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыздоо жана президент Башар Асаддын өкмөттүк армиясынын АКШ колдогон козголоңчулардын турумдарын бомбалоосун алдын алуу маселелери камтылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG