Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Тереза Эне "ыйык" деп жарыяланды


Тереза Эне
Тереза Эне

Рим Папасы Франциск Тереза Энени Католик чиркөөсүнүн ыйыгы деп жарыялады. Ватикандагы диний жөрөлгө кечил Тереза өлгөн соң 19 жылдан кийин, 4-сентябрда өттү. Ыйык Петр аянтында өткөн жөрөлгөгө 100 миңдей киши катышты.

Өмүрүн соопчулукка, бей-бечараларга, муктаждарга жардам берүүгө арнаган Тереза Индиянын Калькутта шаарында кайрымдуулук уюмун негиздеген. Теги албаниялык Тереза Эне азыркы Македонияда 1910-жылы туулган. 16 жашында чиркөөгө кирип, 1929-жылы Индияга отурукташкан, 1950-жылы ал жерде соопчулук миссиясын ачкан. Сынчылар анын миссионердик ордени айыккыс илдеттерге чалдыккан адамдардын акыркы күндөрүн жеңилдетүүгө гана көңүл буруп, жакырчылыктын себептерин көңүл жаздымда калтырып келген деп ырасташууда. Тереза ошондой эле хиндилерди христианчылыкка айлантууга аракет көргөн деп айыпталып келген. Бирок анын ордени муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG