Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Дональд Туск миграция кризисин чечүүгө жардам берүүгө чакырды


Качкындар.
Качкындар.

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Чоң жыйырма тобунун саммитинде Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск мигранттарды кабыл алууга Евробиримдиктин чамасы чакталуу экенин билдирди. Анын айтуусунда, дүйнө жүзү боюнча качкындардын жана мигранттардын саны 60 миллион адамдан ашып кетти. Еврокеңештин төрагасы саммиттин катышуучуларын элди качкын болууга мажбурлап жаткан себептерди жоюуга чакырды. Анын пикиринде, Кытай, АКШ жана Орусия Сириядан качкындарды кабыл албагандан кийин бул өлкөгө гуманитардык жана экономикалык жардамдарды көбөйтүүгө тийиш. 2015-жылы Сирия, Жакынкы Чыгыш жана Африкадан миллиондон ашуун качкын Европадан башпаанек сураган.

XS
SM
MD
LG