Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

ИМ согушкерлери Сирия менен Түркия чектешкен аймактардан сүрүлдү


Түркия аскер техникасы.
Түркия аскер техникасы.

Сириянын Түркия менен чектеш аймактары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен бошотулду. Бул тууралуу Түркия премьер-министри Биналы Йылдырым 4-сентябрда билдирди. Анын айтымында, түрк күчтөрү жана сириялык козголоңчулар Азаздан Жераблуска чейинки 91 чакырым аралыктан согушкерлерди сүрүп чыгарды. Йылдырым өз өлкөсү Сирия менен чектеш жайгашкандыктан, ал жакта аскердик операциялар жүргүзүлүп жатканын айтты:

-Чек араны жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо максатын көздөйбүз. Сириянын түндүгүндө ар кандай мыйзамсыз мамлекет түзүп алууга эч качан жол бербейбиз.

Түркия өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко жана күрт согушкерлерине каршы Сириядагы аскердик операцияларын 24-августта баштаган. Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары уюмунун билдиришинче, “Ислам мамлекети” тобу Түркия менен чек арадагы райондордон сүрүлгөндөн кийин тышкы дүйнө менен байланышын жоготту. Ошондой эле аталган уюмдун соңку маалыматында козголоңчулар жана исламчыл фракциялар түркиялык аскердик техника жана учактардын жардамы менен чек арадагы аймактардагы бир катар айыл-кыштактарда өз көзөмөлүн орноткону айтылат.

XS
SM
MD
LG