Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:25

ДКО-2016: Казак күрөшү боюнча жеңүүчүлөр аныкталды


Улуттук оюндар өтүп жаткан Кырчын жайлоосу
Улуттук оюндар өтүп жаткан Кырчын жайлоосу

4-сентябрда Көчмөндөр оюндарында казак күрөшү боюнча мелдештердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, беш салмак боюнча мелдешке 58 балбан катышты. Жыйынтыгында Казакстандын төрт балбаны Талгат Шегенов (60 кг.), Адилет Сейлханов (70 кг.), Даулет Пахриденов (80 кг.) жана Сунгат Закарияев (90 кг.) өз салмактарында чемпион аталышты. 90 килограммдан жогорку салмактагылар арасында орусиялык Рустам Арсланов жеңүүчү болду.

Кыргызстандык спортчулар эки күмүш жана эки коло медал тагынышты. Алтын байге үчүн таймаштарда Айдин Мухтаров (60 кг.) менен Мирлан Эралиев (70 кг.) атаандаштарына утулуп күмүш байге алышты. 3-орун үчүн күч сынашууларда Шатман уулу Эсенбек (80 кг.) менен Мирбек Бекжанов (90 кг.) жеңишке жетип коло байгеге ээ болушту. Буга чейин көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш боюнча байгелер ойнотулган. 3-сентябрда башталган көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Байгелер спорттун 23 түрүнөн ойнотулат. Ага 62 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу катышууда. Бүгүн күрөштүн Гореш жана Гюлеш түрлөрүнөн таймаштар башталат. Ошондой эле салбуурун, ордо, тогуз коргоол, мангала жана көк бөрү боюнча кезектеги беттештер уланат. (ECh)

XS
SM
MD
LG