Линктер

жума, 28-июль, 2017 Бишкек убактысы 02:38

Наргиза Осмонова эл аралык "Аалам айымы-2016" сынагына катышууда


Кытайдын Гуанжоу шаарында өтүп жаткан "Аалам айымы-2016" сынагына Кыргызстандан 41 жаштагы Наргиза Осмонова сат салышууда. Катышуучу “Азаттыкка” билдиргендей, бул сынак үй-бүлөлүү айымдардын арасында өткөрүлөт.

Наргиза Осмонова чет жерде кыргыз желегин желбиретүүнү максат кылып жатканын кошумчалады. Сынак 29-августа башталган, 6-сентябрда жыйынтыкталат. Наргиза Осмонова буга чейин чет элдик сулуулар сынактарына катышып, байгелүү орундарды алган. Анын эки кызы жана бир небереси бар. (TSh)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG