Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

“Жаңы толкун”: Нурсултан Азыкбаев мыкты талапкер катары сыпатталууда


Нурсултан Азыкбаев.
Нурсултан Азыкбаев.

Сочиде өтүп жаткан “Жаңы толкун” – жаш аткаруучулардын популярдуу сынагынын алдын ала жыйынтыктары боюнча кыргызстандык Нурсултан Азыкбаев алдыңкы үчтүккө кирди. Ал сынактын биринчи күнүндө дүйнөлүк хиттерди аткаруу багытында Sting репертуарынан Shape of my heart чыгармасын ырдады. Сынактын алгачкы таймашы “Сүйүктүү тасмалардагы ырлар” деп аталды.

Жыйынтыгында Нурсултан 142 упай топтоду. Италиялык Вальтера Риччи да ушунча упай алды. Украиналык Галина Безрук 143 упай менен биринчи тепкичте.

21 жаштагы Нурсултан Азыкбаев 6-сентябрда ыр-таймаштын дуэт багытында орусиялык атактуу ырчы Григорий Лепс менен ырдайт. Сынактын үчүнчү айлампасында кыргыз тилинде “Аттиң ай” деген ырын аткарат.

3-сентябрда башталган “Жаңы толкун” 9-сентябрда аяктайт. Ага 12 мамлекеттен 16 ырчы катышып жатат.

Жеңүүчүлөр “Хрусталь толкун” эстелигиннен тышкары, 1-орунга 50 миң евро, 2-орунга 30 миң евро, 3-орунга 20 миң евро алышат. Көрөрмандардын тандоосу боюнча мыкты деп табылган ырчы “Бриллиант толкун” сыйлыгына ээ болот. Жеңүүчү онлайн добуш берүү менен аныкталат.

XS
SM
MD
LG