Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Таласта айдоочулар нааразылыкка чыгышты


Таласта айдоочулар чогулуп, транспорт үчүн салыкты төлөөнүн мөөнөтүн узартып берүү талабы менен бүгүн нааразылыкка чыгышты. Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнө келген айдоочулар салык төлөө мөөнөтүн түшүм жыйналган учурга чейин узартуу маселесин көтөрүшүүдө.

Нааразы болуп келгендер менен жолугушкан өкмөттүн Талас акимчилигинин аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбеков бул мүмкүн эместигин, кечиккендер айыппул төлөшү керектигин айтты.

30-августта автоунаа үчүн салык төлөө мөөнөтү аяктаган. "Салык төлөө жөнүндөгү" мыйзам боюнча айдоочу өз убагында салык төлөбөсө, 2000 сом айыппул төлөйт. (SS)

XS
SM
MD
LG