Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:33

Президенттин үстүнөн жазылган арыз боюнча соттук угуу болот


Президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова жазган арыз боюнча 6-сентябрда Бишкек шаардык сотунда соттук угуу болот. Бул тууралуу “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылы кабарлады.

Быйыл Энелер күнүндө мамлекет башчы кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованы "чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр" деп атаган. Буга алардын "Элдик парламент" оппозициялык уюмунун жыйынына катышканы себеп болгон. Укук коргоочулар болсо жыйынга мониторинг жүргүзүү максатында барышканын билдиришкен.

Президенттин айтканына нааразы болуп сотко арызданышкан укук коргоочулар акчалай доо коюшкан. Исмаилова 2 миллион, Абдирасалува 10 миллион сом компенсация сурашкан. Бирок Биринчи Май райондук соту арызды канааттандырган эмес. Ага макул болбогон укук коргоочулар Бишкек шаардык сотуна арыз жазышкан.

XS
SM
MD
LG