Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Казакстан бачабазды химиялык кастрация менен жазалайт


Казакстанда бачабаздарды химиялык кастрация менен жазалоо чарасы 2018-жылдан тарта колдонула баштайт. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл балдарга жана өспүрүмдөргө карата сексуалдык зомбулук көрсөткүчү төмөндөдү: былтыр ушул мезгилге карата 148 болсо, быйыл 75 факт. "Бирок кырдаал дагы эле оор бойдон калууда" деп эсептейт Башкы көзөмөл органы.

Быйыл мындай кылмыш үчүн 6-20 жылдык мөөнөттөргө 26 адам кесилди. Дагы 46 адамга карата өкүм башка кылмыштар менен чогуу чегерилди. Арасында 10 жылга чейинки мөөнөткө кесилген өспүрүм балдар да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG