Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:34

Москва орус-британ алакасын жакшыртууга умтулууда


Орусия Улуу Британия менен карым-катнашын кайрадан жакшыртууга умтулат. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путиндин британ премьер-министри Тереза Мэй менен Кытайда өткөн жолугушуусу тууралуу маалымат берип жатып "жакшы, конструктивдүү жана ачык" сүйлөшүү болгонун, Орусия Британия менен бардык тармактар, анын ичинде эки өлкө үчүн тең талылуу болгон маселелер боюнча да мамиле жана диалогду толугу бойдон калыбына келтирүүгө кызыкдар экенин" айтты.

Жолугушуу кечээ Кытайдын Ханчжоу шаарында, G20 тобунун саммити алкагында өттү.

Орус-британ алакасы Кремлдин сынчысы, маркум Александр Литвиненко боюнча соттук териштирүүлөрдөн улам соңку жылдары начарлап кеткен. Ошондой эле Улуу Британия Москва Крымды аннексиялап алганы үчүн Батыш өлкөлөрү Орусияга карата жарыялаган санкцияларды колдогон. (RK)

XS
SM
MD
LG