Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Интернет провайдерлер тариф кымбаттаганын маалымдады


Кыргызстандагы провайдерлер интернетке төлөм кымбаттаганын маалымдай баштады. Megaline компаниясы 10-сентябрдан тариф баасы өсөөрүн билдирсе, Homeline 1-сентябрдан нарк кымбаттаганын кабарлады.

Буга чейин Байланыш операторлору ассоциациясы казакстандык провайдерлер тарифти 2-3 эсе кымбаттатканын билдирген эле. Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги бул боюнча Евразия экономикалык комиссиясына кайрыларын айткан.

Бүгүнкү күндө чексиз интернет үчүн ылдамдыгына жараша орто эсеп менен айына 1000 сомдон 3000 сомго чейин төлөнөт.

Кыргызстанга негизги интернет түйүндөрү Казакстан аркылуу гана келет. Адистер Кытайдан алып өткөн интернеттин ылдамдыгы начар экенин айтышат. Ал эми дүйнөлүк желени спутниктен алууга өлкөдө азырынча техникалык мүмкүнчүлүк чектелүү.

XS
SM
MD
LG