Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 14:32

Обама менен Путин G20 саммитинде эки тараптуу жолугушуу өткөрдү


Орус жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Барак Обама. 5-сентябрь, 2016.

АКШ жана Орусия президенттери Барак Обама менен Владимир Путин Кытайда G20 тобунун саммити алкагында жолугушту.

Эки өлкөнүн лидерлери Сириядагы, Украинадагы кырдаалды, АКШнын киберчабуулдар боюнча кооптонуусун талкуулашты.

- Биз Украинаны да талкууладык. Орусия, Украина, Франция жана Германия катышкан Минск келишими бар. Бирок ал сакталбай жатат. Бул документ аткарылмайынча АКШ санкцияларды токтотпойт, - деди АКШ президенти Барак Обама.

Ошондой эле тараптар эки мамлекеттин башкы дипломаттары мунаса таба албаган маселелер боюнча сүйлөшүүлөрүн улантарын макулдашты. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG