Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 22:51

Ооганстанда эки теракт жасалды


Ооганстандын Коргоо министрлигинин жанында эки теракт болду. 5-сентябрь, 2016

Ооганстанда эки жанкечтинин чабуулунан кеминде 10 адам мерт кетти. Борбор шаар Кабулдун эл көп топтологон районунда, Коргоо министрлигинин жанында адегенде бир жанкечти өзүн жардырган. Окуя болгон жерге адамдар чогулганда экинчи жанкечти жарылган.

30дан ашуун адам жараат алды. Өлгөндөрдүн саны дагы өсүшү ыктымал экени кабарланууда.

Быйыл февраль айында өлкөнүн Коргоо министрлигинин жанында жасалган теракт 15 адамдын өмүрүн алган болчу. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG