Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

ДКО-2016: Улуттук аңчылык - Салбуурундан жеңүүчүлөр аныкталды


Салбуурун боюнча мелдештер. 5-сентябрь, 2016-ж. Кырчын жайлоосу.
Салбуурун боюнча мелдештер. 5-сентябрь, 2016-ж. Кырчын жайлоосу.

Бүгүн, 5-сентябрда Кырчын жайлоосунда экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн улуттук аңчылык Салбуурун боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурпери Садырбекованын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, мелдештерге Орусия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 22 спортчу катышкан.

Бүркүт салуу боюнча мелдештерде алтын жана күмүш байгелерди Кыргызстандын өкүлдөрү алышты. 1-орунду Айбек Сагынбаев, 2-орунду Чыңгыз Дыйканов ээледи. 3-орунга казакстандык Жалгаз Акимбеков ээ болду.

Далба ойнотуу деп аталган бүркүт менен аңчылыктын дагы бир түрүнөн байгелүү орундардын бардыгына тең кыргызстандык аңчылар ээ болушту. Алтын медалды Мирлан Калилов, күмүш медалды Нурсейит Бейшебаев жана коло медалды Ринат Масалбеков алды.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш, казак күрөшү, түркмөндөрдүн жана азербайжандардын күрөштөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталган.

Медалдардын саны боюнча Орусия курамасы алдыда келе жатат. Орусиялык спорчтулар 10 алтын, эки күмүш жана үч коло байге алды. 2-орунда азербайжандыктар, аларда азыр төрт алтын, төрт күмүш, төрт коло бар. Казакстандыктар төрт алтын, үч күмүш, төрт коло байге менен үчүнчү катарда. Кыргызстандын спортчулары үч алтын, сегиз күмүш жана 13 коло байгеге ээ болуп төртүнчү орунга чыкты. 5-орундагы Ирандын спортчуларында эки алтын, үч коло бар. Грузиялыктар эки алтын, бир күмүш байге менен алтынчы катарда.

Эртең, 6-сентябрда кыргыз күрөшү, түрктөрдүн улуттук аба күрөшү жана чоң ат чабыштан байге ээлери аныкталат. (ECh).

XS
SM
MD
LG