Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 17:51

Орусия Украина менен чек ара тилкесинде, Крым жарым аралынын тегерегинде ири аскерий машыгуу баштады.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Кара деңиз жана Каспий деңизиндеги машыгууга жалпысынан 12,5 миңге жакын аскер кызматкери тартылууда.

Негизги максат - "Түштүк-Батыш стратегиялык багытындагы улуттук кызыкчылыктарды коргоо мүмкүнчүлүгүн текшерүү".

Өткөн айда бирин бири айыптоонун айынан Орусия менен Украина ортосунда мамиле курчуп кеткен болчу. (RK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG