Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:45

АКШ Орусиянын президенттик шайлоо боюнча жашыруун ишмердигин текшерет


АКШ.
АКШ.

АКШнын укук коргоо органдары орусиялык атайын кызматтардын америкалыктардын шайлоо жараяны жана саясий институттарга болгон ишенимин начарлатууга багытталган жашыруун ишмердүүлүгүн текшерип чыгат. Бул тууралуу The Washington Post гезити жазып чыкты. Американын Федералдык чалгын башкармалыгы Демократиялык партиянын компьютердик түйүндөрүнүн бузулуп, кат куржундагы 20 миңден ашык кызматтык документтердин ачыкка чыгарылышын активдүү иликтөөгө киришти. Эксперттер мунун артында орусиялык хакерлер турат деген пикирлерин айтып жатат. Аталган гезит Кремлдин максаты шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү эмес, шайлоодо башаламандык жаратууга багытталганын кабарлады. Бир катар конгрессмендер АКШ президенти Барак Обаманы Орусиянын мыйзамсыз аракеттерин ачык айыптоого чакырышкан. Расмий Вашингтон азырынча жооп кайтара элек.

XS
SM
MD
LG