Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:13

Президент чек ара маселесине дыкат көңүл бурууну тапшырды


Үңкүр-Тоо.
Үңкүр-Тоо.

Президент Алмазбек Атамбаев чек ара маселесине дыкат көңүл буруу керектигин айтып, ага байланышкан көйгөйлөрдү конструктивдүү жол менен чечүү маселесин тапшырды. Бул тууралуу президент бүгүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алган учурда айтты. Сүйлөшүүнүн негизин улуттук коопсуздук жана диний терроризмдин алдын алуу маселеси түзгөнүн мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жумакадыров Өзбекстандын күч кызматкерлери кармап кеткен төрт кыргыз жаранын кайтаруу боюнча жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен жети милиция өкүлүн калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды коңшу өлкөнүн тартип сакчылары кармап кетишкен. Муну “кыргызстандыктар Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалды” деп түшүндүрүшкөн. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда. Өткөн аптада расмий Ташкен Үңкүр-Тоодогу аскерлеринин санын көбөйткөн.

Бул маселеде 5-сентябрда өкмөт башчы да жыйын куруп, тийиштүү органдарга маселени чечүү жолдорун тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG