Линктер

бейшемби, 24-август, 2017 Бишкек убактысы 12:50

Өзбекстан Үңкүр-Тоодон кармап кеткендердин адвокаттарын киргизбей жатат


Өзбекстандын күч кызматкерлери Аксыдагы Үңкүр-Тоо телемунарасынан кармап кеткен төрт кыргызстандык жарандардын адвокаттарын алар менен жолугушууга киргизбей жатат. Бул тууралуу бүгүн парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Аталган фракция бүгүн ушул маселени талкуулады.

-Төрт жаран боюнча тийиштүү ноталар берилген. Адвокаттык топ дайындалган. Бирок Өзбекстандын күч кызматкерлери аларды киргизбей жатышат. Адвокаттык топ консул баш болуп, Намангандын Жаңы-Коргон райондук милициясына келип кетишкен,- деди Разаков

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен учуп келип аскерлерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды коңшу өлкөнүн тартип сакчылары кармап кетишкен. Муну “кыргызстандыктар Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалды” деп түшүндүрүшкөн. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда.

Бул маселеде 5-сентябрда өкмөт башчы да жыйын куруп, тийиштүү органдарга маселени чечүү жолдорун тапшырган. Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровго маселени конструктивдүү жол менен чечүү тапшырмасын берди. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG