Бишкекте бүгүн Кыргызстан менен Филиппин футболчуларынын мелдеши өтөт. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат. Кыргызстандыктар кызыл, филиппиндиктер ак кийимчен ойношот. Мелдешке өзбекстандык рефери Равшан Эрматов калыстык кылат.
Футбол беттешине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө кечки саат бештен онго чейин авто кыймылына чектөөлөр киргизилерин Ички иштер министрлиги кабарлады.
30-августта кыргыз футболчулары Бишкекте казакстандыктарды кабыл алып, 2:0 эсебинде уткан.