Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

7-сентябрга аба ырайы


Тоо.
Тоо.

7-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Күндүз кээ бир тоолуу райондорунда жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+33,

Талас жергесинде түнкүсүн +8...+13, күндүз +25...+30,

Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +29...+34,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +20...+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +21...+26 градус ысык болот.

Бийик тоолордо түнкүсүн -2...+3, күндүз +5...+10.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +16…+18, күндүз +30…+32 градус ысыйт.

XS
SM
MD
LG