Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:37

“Атанын керээзи” фильми Монреалдагы фестивалда баш байге алды


Кыргызстандык режиссерлор Дастан Жапар уулу менен Бакыт Мукул тарткан “Атанын керээзи” көркөм тасмасы Монреалда өткөн эл аралык кинофестивалда дебюттук фильм багытында баш байгени алып, “Алтын меридиан” сыйлыгына татыды. Бул тууралуу “Азаттыкка” фильмдин продюсери Талант Төлөбеков билдирди.

Кыркынчы юбилейлик кинофестиваль жыйынтыгы 5-сентябрда кечинде чыгарылды. Ага Канада, Италия жана Франциядан келген адистер калыс болушту.

Аталган кинодо жакшы жашоо издеп, айылдан шаарга, Кыргызстандан чет өлкөгө кетип жаткандардын көйгөйү чагылдырылган.

Монреаль фестивалына катышууга миңден ашуун кинодон арыз түшүп, 60ы тандалып алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG