Кошмо Штаттардын Киевдеги консулу Твиттердеги баракчасына “маалымат каражатына жасалган ар кандай чабуул жол берилгис” деп жазды 5-сентябрда. Украинанын "Интер ТВ" каналына 4-сентябрда жасалган чабуулдан жана өрттөн беш адам жабыркаган. АКШ консулу “Интерге коюлган өрттү иликтөөгө биз тыкыр көз салып турабыз” деп белгилеген.
Украин бийликтери ал чатак боюнча алты киши камакка алынганын кабарлаган. Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму да "Интер ТВга" жасалган чабуулду айыптап, “редакциялык саясатка каршы зордук-зомбулук эч качан кабыл алынбайт” деп билдирген. ЕККУнун өкүлү Дуня Миятович тартип коргоо органдарын тез арада чара көрүп, кол салууну айыптоого президент Петр Порошенкону үндөдү. "Интер ТВ" орусячыл болгону үчүн чабуулга кабылганы айтылган. (AiT)