Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Орусияда "Ренова" компаниясынын жетекчилери камакка алынды


Компаниянын офисиндеги текшерүүлөр.
Компаниянын офисиндеги текшерүүлөр.

Бул компания Орусиядагы эң бай адамдардын бири миллиардер Виктор Вексельбергге таандык. 5-сентябрда камакка алынгандар анын өнөктөрү. "Ренованын" башкаруучу директору Евгений Ольховик жана Борис Вайнзихер кызматтагы адамды пара менен сатып алган деп айыпталууда.

Вайнзихер "Ренованын" T Plus Group компаниясынын аткаруучу директору. Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, олигарх Вексельбергдин өнөктөрү бизнесине жеңилдик алуу үчүн Коми республикасынын мурунку губернатору Вячеслав Гайзер жана анын командасына 800 млн. рубль пара берген. Гайзер паракорлук боюнча айыпталып, өткөн жылы камакка алынган. Бул иште "Вымпелком" телекоммуникациялык тобунун жетекчиси Михаил Слободин да айыпталууда. "Вымпелкомду" дагы бир олигарх Михаил Фридман көзөмөлдөйт. (AiT)

XS
SM
MD
LG