Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Үңкүр-Тоо маселесинде чагымга алдырбоого чакырды


Үңкүр-Тоо картада
Үңкүр-Тоо картада

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Аксыдагы Үңкүр-Тоо телемунарасынын айланасындагы талашты өтө оор деп мүнөздөп, Өзбекстандын күч кызматкерлери кыргыз жарандарын алып кирип кетип, камап койгонун айыптады. Фракциянын бул маселедеги пикири тууралуу Төрөбаев бүгүн журналисттерге уюштурулган маалымат жыйынында билдирди:

- Мамлекет тараптан, өкмөт тараптан иш-аракеттер жасалып жатат. Бирок абал аябай курч. Натыйжада, эки өлкөнүн эли кыйналып жатышат. Маселени чечүү үчүн ачууга алдырбашыбыз керек. Өзбекстан тарап да, Кыргызстан да иш-аракеттерди көрүп жатат. Чагымга алдырбаш керек. Мындан пайдаланган үчүнчү күчтөр кутум уюштурушу мүмкүн. Муну дипломатиялык жол менен гана чечиш керек.

Төрөбаев өзбек тараптын аракети эл аралык эрежелерге дал келбестигин айтып, коңшу өлкөнүн тартип сакчыларын кескин айыптады.

22-августта Аксыдагы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага Өзбекстандын күч кызматкерлери тик учак менен аскерлерин калтырган. Ал жерде иштеген кыргызстандык төрт жаранды коңшу өлкөнүн тартип сакчылары кармап кетишкен. Муну “кыргызстандыктар Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү үчүн кармалды” деп түшүндүрүшкөн. Ошондон бери алар Наманган облусунун Жаңы-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармалууда.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алар менен адвокаттардын жолугушуусуна өзбек тарап уруксат бербей жатканын айтты. Президент Алмазбек Атамбаев бул маселени конструктивдүү жол менен чечүүнү тапшырган. (SE)

XS
SM
MD
LG