Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

Көчмөндөр оюндары: түрктөрдүн аба күрөшүнөн кыргыздар эки коло байге алышты


Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында түрктөрдүн улуттук аба күрөшүнөн кыргызстандык эки балбан 6-сентябрда коло байге алышты. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча малекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, байгелер 80 килограммдан жогорку салмактагы балбандар арасында ойнотулду. Беттештерге 17 өлкөдөн 82 балбан катышты. Катышуучу өлкөлөрдөн экиден балбан күч сынашууга мүмкүнчүлүк алган.

Мелдеш жыйынтыгында алтын байгени монголиялык Енгтугс Оюнболд алса, орусиялык Рустем Арсланов күмүш медал тагынды. Коло байгелерге кыргыз балбандары Орозбек Аширов менен Ильяз Нишанов ээ болушту.

Бүгүн кыргыз күрөшү жана чоң ат чабыштан да байгелер ойнотулат.

Акыркы маалыматтарга ылайык, медалдардын эсеби боюнча Орусия курамасы алдыда келе жатат. Алар 10 алтын, үч күмүш жана үч коло байге менен алдыга чыкты. 2-орунда Азербайжан - төрт алтын, төрт күмүш, төрт коло. Казакстандыктар төрт алтын, үч күмүш, төрт коло менен үчүнчү тепкичте. Кыргызстандын спортчулары үч алтын, сегиз күмүш жана 15 коло байгеге ээ болуп, төртүнчү орунда келатышат. (ECh)

XS
SM
MD
LG