Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Өзбекстан АКШ менен мамилеси туруктуу болушуна умтулат


Дэниел Розенблюм/
Дэниел Розенблюм/

Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбор Азия боюнча катчысынын жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм билдирди. АКШнын дипломаты 5-сентябрда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Комилов менен сүйлөшүүдөн кийин мына ушундай билдирүү жасады. “Жолугушууда Комилов эки тараптуу мамиледе туруктуулук болушун жактады. Мен аны маанилүү маалымат катары эсепке алдым” деп белгиледи Розенблюм.

Бул АКШ дипломатынын Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин Өзбекстанга биринчи сапары болуп калды. Розенблюм АКШ өкмөтүнүн өкүлү катары Ислам Каримовдун дүйнөдөн кайтуусуна көңүл айткан. Ал ошондой эле Вашингтон “Өзбекстан менен өнөктөштүктү сактоо, анын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана жарандарынын укуктарын, келечегин камсыздоо боюнча кызыкдар тарап катары кала берерин” кошумчалаган.(AiT)

XS
SM
MD
LG