Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

УКМК Бишкекте террордук топтун мүчөсү жок кылынганын маалымдады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкекте 29-августта эл аралык террордук уюмдун 39 жаштагы мүчөсү жок кылынганын бүгүн маалымдады. Ал кайсыл мамлекеттин жараны экени азырынча айтылбай турганын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдирди.

Шектүү Бишкектин четинде жашап жатканы аныкталып, аны кармоого атайын операция уюштурулган. Ал куралдуу каршылык көрсөтүп, ортодо атышуу болгон жана атайын кызмат өкүлдөрүнүн огунан мерт кеткен.

Маркумдун жанына колго жасалган жардыруучу зат жана “Сайга” үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылган. Бул боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG