Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Украина президенти Петр Порошенко парламентте жылдык кайрылуусун жасады


Порошенко 6-сентябрда парламентте сүйлөп жаткан учуру
Порошенко 6-сентябрда парламентте сүйлөп жаткан учуру

Анда президент украиналыктарды ынтымакка чакырып, биримдик гана өлкөнү башаламандыкка чөмүлүп кетүүдөн сактап каларын белгиледи. Порошенко 6-сентябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө, Орусия Чыгыш Украинадагы жаңжалды “өлкөнү ичтен талкалоо” үчүн пайдаланып жатат деди.

“Орусиянын Украинага жасаган агрессиясы уланып жаткан мезгилде, чыгыштагы аскердик коркунуч эң татаал стратегиялык маселе болуп турганда, улуттук биримдик жана саясий консолидация өлкө үчүн өмүр же өлүм маселесине айланып турат” деди Порошенко.

Украина президенти батыштагы өнөктөштөрүнө аскердик колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Украина эл аралык колдоого муктаж экенин, бирок ар кандай себептерге байланыштуу ал колдоону бекемдөө кыйын болуп баратканын кошумчалаган. (AiT)

XS
SM
MD
LG