Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

ДКО-2016: Кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстан алдыда


55 килограммга чейинки салмакта кыргыз күрөшүнөн Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болгон Бекзат Тынчтыкбек уулу.
55 килограммга чейинки салмакта кыргыз күрөшүнөн Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болгон Бекзат Тынчтыкбек уулу.

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Күч сынашуулар жети салмак боюнча өтүп, ага 26 өлкөдөн 96 балбан катышты. Мелдеш жыйынтыгында Кыргызстандын балбандары Тынчтыкбек уулу Бекзат (55 кг.), Сымбатбек Алимбеков (60 кг.), Зиямидин Шадыбеков (66 кг.), Тариэл Үсөнов (74 кг.), Бектурган Кожомуратов (84 кг.), Нурбек Кожобеков (96 кг.) жана Бекболсун Кушубаков (+96 кг.) атаандаштарын финалдык таймаштарда утуп алтын медал тагынышты.

Бул таймаштарда Казакстан үч күмүш, бир коло, Орусия үч күмүш, төрт коло, Тажикстан бир күмүш, бир коло, Түркмөнстан менен Венгрия экиден коло, Монголия үч коло жана Азербайжан бир коло байгеге ээ болду.

Мелдештин байге фонду 1 миллион 498 миң сомду түздү. Жеңүүчүлөргө ээлеген орундарына жараша 22 миң, 70 миң жана 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар берилди. (ECh/AsM).

XS
SM
MD
LG