Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Футбол: Кыргызстан Филиппинге 1:2 эсебинде утулду


Кыргызстан - Филиппин футбол курамаларынын беттеши. 6-сентябрь, 2016-ж.
Кыргызстан - Филиппин футбол курамаларынын беттеши. 6-сентябрь, 2016-ж.

Бүгүн, 6-сентябрда Бишкекте Кыргызстан менен Филиппин футболчулары жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:2 эсебинде талаа коноктору жеңишке жетти. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегиз жарымда башталды.

Алгачкы голду филиппиндик Кевин Ингресо 43-мүнөттө киргизди. 53-мүнөттө Филиппин оюнчусу Мисагх Бахадоран экинчи голду Кыргызстандын дарбазасына таамай узатты. 60-мүнөттө Кыргызстандын чабуулчусу Виталий Люкс атаандаш дарбазасына гол киргизип эсеп ажырымын азайта алды. 87-мүнөттө коргоочу Валерий Кичин айып тобун тебүүгө мүмкүнчүлүк алганы менен бул учурда Филиппин дарбазачысы топту таамай тосуп гол кирбей калды.

Мелдеш жүрүшүнө өзбекстандык рефери Равшан Эрматов баштаган калыстар тобу көзөмөл кылды. Оюн башталганда Кыргызстандын капитаны Талант Самсалиев бул беттештен кийин чоң спорттогу карьерасын жыйынтыктары белгилүү болду.

Футбол беттешине байланыштуу шаардын көчөлөрүнө кечки саат бештен онго чейин авто кыймылына чектөөлөр киргизилерин Ички иштер министрлиги кабарлаган.

Август айындагы ФИФА рейтинги боюнча Кыргызстан 105, Филиппин 134-орунда.

30-августта кыргыз футболчулары Бишкекте казакстандыктарды кабыл алып, 2:0 эсебинде уткан.

XS
SM
MD
LG