6-сентябрда Чолпон-Ата шаарында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү, түрктөрдүн аба күрөшү жана интеллектуалдык оюндардын программасына кирген мангала жана тогуз коргоол боюнча мелдештерден жеңүүчүлөр аныкталды.
Кыргыз күрөшүнөн жети салмакта байгелер ойнотулса бардык алтын медалдарды кыргыз балбандары утушту. Түрктөрдүн аба күрөшүнөн эки коло байгени кыргызстандык балбандар алышты. Жеке эсеп боюнча тогуз коргоолдон бир алтын, эки күмүш, мангала оюнунан эки алтын эки күмүшкө кыргыз спортчулары ээ болушту.
Ошентип 6-сентябрда болгон мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстан 13 алтын, 12 күмүш, 15 коло байге менен медаль алган өлкөлөрдүн көч башын жетектеди.
Орусия курамасы 10 алтын, алты күмүш жана жети коло байге менен экинчи катарда. Казакстандыктар беш алтын, алты күмүш, сегиз коло менен үчүнчү тепкичте.
Азербайжан - төрт алтын, төрт күмүш, беш коло менен төртүнчү орунда.
7-сентябрда Алыш бел боо күрөшүнүн эркин түрүнөн, эр эңиштен байге үчүн таймаштар өтөт. Көк бөрү боюнча 3-орун үчүн Кытай менен Башкыртстан командалары беттешет. Тогуз коргоол жана мангала оюндарынан командалык эсепте жарым финалдык жана финалдык таймаштар өтөт. Ат үстүндө найза ыргытуудан (Жирит) Кыргызстан менен Түркия курамалары биринчи орун үчүн өз күчтөрүн сынашат. Тайган жарыштан жарым финалдык жана финалдык мелдештер өтөт. Жөө жаа атуу, атчан жана алыскы аралыкка жаа атуудан да жеңүүчүлөр аныкталат.
Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Байгелер спорттун 23 түрүнөн ойнотулуп, таймаштарга 62 өлкөдөн 1000ден ашуун спортчу катышууда. (ECh)