Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Бразилияда паралимпиада оюндары башталат


Паралимпиада оюндары өтчү шаар.
Паралимпиада оюндары өтчү шаар.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында бүгүн XV паралимпиада оюндары башталат. Анда дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүнөн майып адамдар спорттун 30дан ашуун түрү боюнча таймашат. Оюндарга Кыргызстандан үч спортчу катышат. Алар - пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов. 54 килограммга чейинки салмактагылар арасында Эсен Калиев 10-сентябрда, 107 килограммга чейинкилер арасында Орозбаев 15-сентябрда, жеңил атлетчи Базаркулов 12-сентябрда күч сынашат. Риодогу паралимпиада оюндары 18-сентябрда аяктайт. 5-22-августта бул шаарда отуз биринчи жайкы Олимп оюндары өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG