Бишкектин Биринчи Май райондук соту бүгүн “Элдик парламент” кыймылынын камактагы мүчөлөрүнө байланышкан ишти карайт. Жараяндын ачык же жабык өтөрү азырынча белгисиз. Соттолуучулардын бири Бекболот Талгарбековдун жактоочусу Тимур Жанаевдин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, буга чейин сот жараянын ачык өткөрүү тууралуу судьяга өтүнүч берилген. Ал кандай чечим кабыл алары бүгүн белгилүү болот.
26-августтагы териштирүүлөр жабык өтүп, мамлекеттик айыптоочулардын бири келбей койгондугуна байланыштуу 7-сентябрга которулган.
Оппозициялык “Элдик парламент” кыймылы быйыл 12-майда Бишкекте курултай өткөргөндөн кийин анын лидерлери жана мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Александр Гусев, Марат Султанов жана Тойгонбай Калматов камакка алынган. Аларга бийликти кулатууга аракет жасаган деген айып тагылган. 29-августта Бишкектин Свердлов райондук соту “Элдик парламенттин” жыйынында сөз сүйлөгөн Нурлан Мотуевди жети жылга эркинен ажыратты. Ал "террорчулукка ачык чакырган" жана "улут, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.
Булардан тышкары саясатчылар Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров, коомдук ишмер Дастан Сарыгулов, эксперт Эрнест Карыбеков да мартта “бийликти күч менен басып алууга” шектелип кармалган. Аларды камакка алууга бийликти басып алууну уюштурган деген негизде жазылып алынган үндөрдүн жарыяланышы жүйө келтирилген. (NT)