Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Парламентте миграция көйгөйү талкууланат


Москвадагы өрттө каза болгон кыргызстандык кыз-келиндер.
Москвадагы өрттө каза болгон кыргызстандык кыз-келиндер.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясы бүгүн мигранттардын абалы, миграция саясаты жана Москвадагы басмаканадагы өрттүн кесепеттери тууралуу ачык жыйын өткөрөт. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынан билдиришти. 27-августта Москвадагы “Печатный экспресс” ишканасынын кампасында өрт чыгып, 17 киши набыт болгон. Алардын 14ү кыргызстандык кыз-келиндер эле.

Расмий маалыматтарга таянсак, Орусияда ушу тапта эмгектенген кыргызстандыктардын саны 570 миңден ашат. Бирок иш жүзүндө алар миллиондон ашып кеткени айтылып жүрөт. Мындан сырткары 540 миң адам Орусия жарандыгын алган. Мигранттар которгон акча жылына болжол менен 1 - 1,5 млрд долларды түзөт. Кыргызстан ЕАЭБге киргени менен орус бийлиги уюмдун алкагында кабыл алынган миграциялык келишимдерди толук аткара элек. (NT)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG