Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Алепподо бомбалоодон ондогон адам жабыркады


Сирия, Алеппо.
Сирия, Алеппо.

Сириянын өкмөттүк аба күчтөрү эл жыш жайгашкан аймактарга хлорин кошулмасы бар бомба таштаганын жергиликтүү активисттер жана куткаруучулар кабарлашты.

Маалыматка караганда, андан ондогон тургундар жаракат алды. Согушуп жаткан тараптар хлорин жана башка уулуу заттарды колдонору буга чейин эле айтылып келген. Бирок тирешкен тараптар мындай айыптоолорду четке кагып келишет.

Өткөн айда Алепподо кеминде эле эки жолу хлорин колдонулгандыгы кабарланган. Башар Асад режими ууландыруучу газ оппозицияга таандык экенин белгилеген.

Алепподогу бомбалоонун кесепеттери жөнүндөгү медициналык баяндама журналисттер арасында кыска билдирүү катары тарады. Дарыгерлер дем алуу органдарынан жабыркаган 70тен ашуун адамга жардам көрсөтүп жатат. Алардын арасында балдар жана аялдар дагы бар. Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучулардын кийимдери хлорин жыттанууда. 10 адамдын, аларын ичинен кош бойлуу аялдын абалы өтө оор экени маалымдалды.

XS
SM
MD
LG