Оштогу 01525 аскер бөлүгүндө жоокерлер ортосунда мушташ чыгып, келишим менен кызмат өтөп жаткан ефрейтор Эламан Ташбалта уулу набыт болду. Окуя 6-сентябрда кечке жуук болгонун Башкы штабдын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, маркум катардагы жоокер менен жаңжалдашкан. Мушташ учурунда алган жарааттан эсинен танып, кезметчи аскерлер аны ооруканага жеткиришкен. Бирок өзүнө келбей, көз жумган.
Факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө жүрүп жатат. (SE)