Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

УКМК теракт боюнча издөө жарыялаган адам өзүн күнөөсүз экенин айтууда


Бишкектеги Кытай элчилигинде жасалган терактка тиешеси бар деп издөөгө алынган төрт кишинин бири - Мубарак Турганбаев өзүнүн күнөөсүз экенин "Азаттык" радиосуна билдирди. Азыр Стамбул шаарында жашарын, жүк жеткирүүчү “Адал Тур” фирмасында иштерин маалымдаган Турганбаев куру дооматка калганын белгилейт. Ал Кыргызстан менен Түркия ортосунда жарандардын акчасын ташып, мыйзамдуу иш алып барарын айтууда:

- 1-июлда Бурхан деген адам Бишкекке акча жеткирүүнү суранып, 5000 доллар берген. Биздин "Каргодо" иштеген балдар аны Искендер деген адамга жеткиришкен. Бирок акча жеткирген биздин кызматкерлер да камакта сурак берип жатышыптыр. Мени болсо расмий түрдө суракка чакырбай эле издөөгө алышыптыр. Менин террордук уюмдарга тиешем жок. Мага чоң жалаа жабылып жатат,- дейт Турганбаев.

Ал Түркиядагы кыргыз консулдары менен байланышта экенин, дипломатиялык корпус кызматкерлери да жакшы таанышарын белгилеп, адилеттүүлүк үчүн күрөшөрүн айтты. Мурдараак ушундай эле билдирүүнү Фейсбуктагы баракчасына жазган.

30-июлда Бишкектеги Кытай элчилигинде жанкечти автоунаа жардырган. Андан өзү мүрт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети теракт уюштургандар аныкталганын, бешөө кармалып, төртөө издөөгө алынганын 6-сентябрда кабарлаган. Изделип жаткандар арасында Мубарак Турганбаев да аталган.

Аны тааныган кишилер да Турганбаев дооматка кабылганын белгилешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG