Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Көчмөндөр оюндары: көк бөрү боюнча Кытай коло байге алды


Казакстан-Кытай командаларынын беттешүүсү.
Казакстан-Кытай командаларынын беттешүүсү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү оюндарында Кыргызстан менен Казакстан командалары финалда беттешет. Оюн 8-сентябрда өтөт. Ал эми бүгүн коло байге үчүн Кытайдан келген команда менен Башкыртстан беттешип, кытайлыктар 18:2 эсебинде утуп алышты.

Жалпысынан алганда, “А” тайпасында Казакстан, Кытай, Красноярск жана АКШ ойноп, казакстандыктар финалга жолдомо алышты. “Б” тайпасында Кыргызстан, Башкыртстан, Ооганстан жана Түркия ойноп, кыргыздар финалга өттү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 13 алтын, 12 күмүш жана 15 коло байге менен алдыңкы орунда келатат. Экинчи тепкичте Орусия – 10 алтын, 6 күмүш жана 7 коло. Үчүнчү катарда Казакстан – 5 алтын, 6 күмүш жана 8 коло.

3-сентябрда башталган Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Анда 62 мамлекеттин 1000ден ашуун өкүлдөрү спортун 23 түрүнөн таймашып жатышат.

XS
SM
MD
LG