Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:09

УКМК Турганбаевдин билдирүүсү боюнча тергөөдөн кийин комментарий берет


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кытай элчилигиндеги теракт боюнча издөөгө алынган Мубарак Турганбаевдин билдириүүсү боюнча тергөөдөн кийин гана комментарий берет. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Бишкектеги Кытай элчилигинде жасалган терактка тиешеси бар деп издөөгө алынган төрт кишинин бири - Мубарак Турганбаев өзүнүн күнөөсүз экенин айтып чыккан. Азыр Стамбул шаарында экенин, жүк жеткирүүчү “Адал Тур” фирмасында иштээрин маалымдаган Турганбаев куру дооматка калганын белгилейт. Ал Кыргызстан менен Түркия ортосунда жарандардын акчасын ташып, мыйзамдуу иш алып барарын айтууда.

30-июлда Бишкектеги Кытай элчилигинде жанкечти автоунаа жардырган. Андан өзү мерт кетип, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы теракт уюштургандар аныкталганын, бешөө кармалып, төртөө издөөгө алынганын 6-сентябрда кабарлаган. Изделип жаткандар арасында Мубарак Турганбаев да аталган.

Бирок Турганбаев кылмышка тиешеси жоктугун, мыйзамдуу түрдө эле акча жеткирүү кызматын аткарганын кабарлоодо:

-1-июлда Бурхан деген адам Бишкекке акча жеткирүүнү суранып, 5000 доллар берген. Биздин фирмада иштеген балдар аны Искендер деген адамга жеткиришкен. Бирок акча жеткирген биздин кызматкерлер да камакта сурак берип жатышыптыр. Мени болсо расмий түрдө суракка чакырбай эле издөөгө алышыптыр. Менин террордук уюмдарга тиешем жок. Мага чоң жалаа жабылып жатат,- дейт Турганбаев.

Аны тааныган кишилер да Турганбаев куру дооматка кабылганын белгилешүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG