Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Сирияда хлор газынан уулангандар саны 70тен ашты


Хлор газынан уулангандар ооруканада
Хлор газынан уулангандар ооруканада

Сирияда хлор газынан ууланган адамдардын саны 70тен ашты. Бул тууралуу кеңсеси Британияда жайгашкан "Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория" уюму кабарлады. Адамдар набыт кеткен учур катталган жок.

Волонтерлордун айтуусунда, Сириянын чет жакасындагы Сукари шаарында оппозицияга каршы күрөшүп жаткан өкмөттүк күчтөр хлор газын колдонгон болушу ыктымал.

Расмий Дамаск мындай айыптоолорду четке кагууда.

24-августта БУУнун эксперттери Сирияда химиялык куралды өкмөттүк күчтөр да, өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ да колдонгону тууралуу доклад жасаган. Анда зарин, хлор газы жана башка химиялык заттар 2015-жылдын декабрынан азыркыга чейин жалпысынан 130 жолу колдонулганы айтылат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG