Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Трамп Клинтондун айыптоосуна жооп кайтарды


АКШ президенттигине талапкер Доналд Трамп атаандашы "Хиллари Клинтонду орус президенти Владимир Путин олуттуу адам катары карабайт" деп билдирди.

"Хиллари Орусия менен ойногонду жакшы көрүүдө. Путин аны карап күлүп жатат" деди Трамп Виржинияда шайлоочулар менен жолугушууда Клинтондун айыптоосуна жооп кылып.

Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон өлкөдөгү шайлоо өнөктүгүнө Орусия шайлоочулар базасына жасалган киберчабуул аркылуу кийлигишип жатышы ыктымал деген кооптонуусун билдирип, буга атаандашы, Республикачылар партиясынан талапкер Доналд Трамптын да тиешеси бар деп айткан болчу.

Июль айында Иллинойс штатындагы базадан 200 миң шайлоочу тууралуу маалымат уурдалганда система 10 күндөй иштебей турган.

Президенттик шайлоо АКШда быйыл күзүндө өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG