Ирандыктардын исламы терроризмдин вахабий чеберлеринин исламы менен эч байланышы жок. Бул тууралуу бүгүн Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф сауд бийлигинин "ирандыктар мусулман эмес" деп айткандарына жооп берип жатып билдирди.
- Чынында ирандыктардын жана дүйнөдөгү мусулмандардын көпчүлүгүнүн исламы вахабий муфтийлер жана саудиялык терроризм чеберлери үгүттөп жүргөн ашынган экстремизм менен эч кандай байланышы жок, - деди Жавад Зариф.
Буга чейин Сауд Арабиясынын муфтийи Абдел Азиз ал-Шейх "ирандыктар мусулман эмес" деп айтып чыккан болчу.
Былтыр ажылык маалында адамдын көптүгүнөн пайда болгон тыгындан Саудияда 2297 адам каза тапкан. Алардын көбү ирандыктар эле.
Быйыл Иран жарандарын 10-сентябрда баштала турган ажылыкка жөнөтпөй турган болду, себеби сауд бийлиги алардын коопсуздугуна кепилдик бере албасын билдирген. (RK)