Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Илми Умеров психиатриялык ооруканадан бошотулду


Илми Умеров
Илми Умеров

Крым-татар элинин межлис төрагасынын орун басары Илми Умеров бүгүн Крымдагы психиатриялык ооруканадан бошотулду. Бул тууралуу анын адвокаты Марк Фейгин Твиттерге жазды. Ал Умеровго коюлуп жаткан айыптоолорду жокко чыгаруу аракетин көрөрүн айтууда.

18-августта Илми Умеров Симферополдогу ооруканалардын бириндеги кардиология бөлүмүнөн психиатриялык клиникага экспертиза үчүн деген негизде күч менен которулган.

Орусия 2014-жылы аннексиялап алган Крымдын бийлиги 59 жаштагы Илми Умеровду теле аркылуу чыгып сүйлөгөндө "Орусияны Крымдан жана Донбасстан чыгып кетүүгө мажбур кылыш керек" деген сөзү менен сепаратизмге чакырык таштаган деп айыптоодо.

Буга чейин аны бошотуу талабын АКШнын Мамлекеттик департаменти, Европа биримдиги, Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жана украин парламенти да койгон болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG